КОРДОО ЫРЛАРЫ
КОРДОО ЫРЛАРЫ – элдик оозеки чыг-лыктагы каада-салт ырларынын түрү. К. ы. кыргыз элинин патриархалдык-феодалдык, уруучулук турмушуна байланыштуу жаралган чыгармаларда көп кездешет. Жанрдын бул түрү бир уруу м-н же бир манап м-н экинчи манаптын кол ырчыларынын айтышында кеңири колдонулган. К. ы-н акындардын бардыгы эле бирдей даражада ырдай албайт, ар бир акын эстетикалык багытына, табитине, дараметине, сөз тапкычтыгына жараша поэтикалык мүмкүнчүлүгүн ачып берет. Кыргыз акындарынан Калмырза К. ы-н жаратууга шыктуу болгондугу «Калмырза менен Найманбайдын айтышы», «Калмырза менен Эшманбеттин айтышы», «Калмырза менен Барпынын беттешүүсү», «Калык менен Калмырзанын ырдашканы» ж. б. чыгармаларында даана байкалат.