КОРДЕБАЛЕТ
КОРДЕБАЛЕ́Т (фр. corps de ballet, corps – өздүк курам ж-а ballet – балет дегенден) – операда, балетте, опереттада ж. б-да массалык бийлерди аткаруучу ансамбль. Азыркы балетте элдик массалык сценанын кеңири иштелип чыгышы К-тин ролун күчөттү. 19-к-да К-те аялдар гана бийлесе, 20-к-да жигиттерден турган К. да зор мааниге ээ болду.