КОРДЕБАЛЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРДЕБАЛЕ́Т (фр. corps de ballet, corps – өздүк курам ж-а ballet – балет дегенден) – операда, балетте, опереттада ж. б-да массалык бийлерди аткаруучу ансамбль. Азыркы балетте элдик массалык сценанын кеңири иштелип чыгы­шы К-тин ролун күчөттү. 19-к-да К-те аялдар гана бийлесе, 20-к-да жигиттерден турган К. да зор мааниге ээ болду.