КОРГОНЧУ ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРГОНЧУ ЧОПО КЕНИ , К ы з ы л - С а й к е­н и Баткен обл-нун Лейлек р-нунда. Сүлүктү ш-нан 5 км түш. тарапта, Түркстан кырка тоо­сунун түн. этегинде. 1965-ж. табылган. Кен ай­магын палеоген-неоген мезгилинде пайда бол­гон чөкмө тоо тектер түзөт; көп жерин антропо­ген чөгүндүлөрү жаап калган. Кен каралжын боз түстөгү чопонун линза сымал катмарынан ту­рат. Анын калыңдыгы 7–8 м, уз. 1500 м. Запа­сы 4237 миң т. Чопо «100» маркасындагы кыш даярдоого жарамдуу. Кен Сүлүктү ш-ндагы кыш з-дунда пайдаланылат.