КОРГОНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРГОНУУ – душмандын артыкчылык кыл­ган күчүнүн чабуулун майтаруу, аны жоготуу­ларга учуратуу, өзүнүн ээлеген позициясын сак­тап калуу ж-а чечкиндүү чабуулга өтүүгө шарт түзүү максатында колдонулуучу согуш аракет­теринин бир түрү. К. чабуул коюуга мүмкүн бол­богон же максатка ылайык келбеген учурларда колдонулат. Убакыт утууга, бир багыттагы күч­төрдү ж-а каражаттарды үнөмдөөгө, аны м-н башка багыттарда ж-а участкаларда чабуул коюуга шарт түзүүгө мүмкүндүк берилет. Аскер бөлүкчөлөрү м-н бөлүктөрүнүн алдына коюлган милдеттерге ж-а алардын күчүнө жараша К-нун стратегиялык, оперативдүү же тактикалык маа­ниси болот. Кургактагы аскер бөлүкчөлөрүнүн ж-а бөлүктөрүнүн К-су туруктуу ж-а активдүү, ядролук ж-а танкага каршы согушка, жапырт кыргын куралдарына, авиациянын соккусуна, артиллериянын атууларына туруштук берүүгө жөндөмдүү болууга тийиш. Бөлүкчөлөрдүн ж-а бөлүктөрдүн К-га өтүүсү душман м-н түздүн-түз кагылышуунун же кагылышпоонун шартында өтүшү мүмкүн. Азыркы К-нун инж. жабдуула­ры К-дагы бөлүкчөлөрдү, анын турган жерин жапырт кыргын куралдарынан, артиллерия ж. б-дын соккусунан жашырууга тийиш.