КОПЁН ЧААТАС
КОПЁН ЧААТАС – Енисей кыргыздарынын 7– 8-к-га таандык көрүстөнү ж-а ошол кездеги мадтынын негизги эстелиги. Енисей д-нын сол жээгинде, Хакасиянын Копён кыш-нын жанында жайгашкан. 1939–40-ж. сов. археологдор Л. А. Евтюхова ж-а С. В. Киселёв изилдеген. Маркумдар өрттөлүп, таш дөбөлөрдүн астына коюлган. Ал дөбөлөрдүн көбү илгери эле талоонго учураган, бирок кыргыз ак сөөктөрү коюлган чоң таш дөбөлөрдө (диаметри 20–30 м) эки жашыруун казанак бар экендиги аныкталган. Ал казанактардан алтындан жасалган чоң идиш, күмүш табакка салынган ж-а кооздолгон 4 алтын кумура, жаа м-н айбандарга аңчылык кылып ба-

раткан чабендестин коло сөлөкөтү табылган. Кумуралардын экөөнүн бетинде байыркы түрк жазуулары бар. Ал буюмдарды Иран, О. Азия ж-а Кытайдын о. кылымдагы иск-восу м-н тааныш жерг. чеберлер жасаган деп болжолдонот. К. Ч-тын тарых илиминде мааниси зор.