КООМ АРАЛДАРЫ
КООМ АРАЛДАРЫ (О las de la Socittt), Ж о лд о ш т у к а р а л д а р ы – Тынч океандын
түш. бөлүгүндөгү архипелаг, Полинезияда. Франциянын ээлиги. Аянты 1,6 миң км2 (эң
ириси – Таити). Жанартоодон пайда болгон.
Бийикт. 2241 мге чейин (Таити а-нда). Нымдуу тропик токою басымдуу. Тропиктик дыйканчылык өнүккөн, балык кармалып, бермет чогултулат. Адм. борбору – Папеэте (Таити а-нда).
Лондон король коомунун атынан аталган.