КОҢУР ТОПУРАК
КОҢУР ТОПУРАК – ак кылкан-бетегелүү ж-а бетеге-шыбактуу кургак талаа ж-а жарым чөл топурак тиби. К. т. Түркия, Моңголия, Түн. Кытай, АКШ, Аргентина ж. б. өлкөлөрдө көп кездешет. КМШ өлкөлөрүндө Казакстан, Украинанын түштүгү, Волга боюнун кургакчыл райондорунда, Түн. Кавказ, Батыш Сибирь ж. б. жерлерде бар. К. т-туу зонанын климаты кескин континенттүү, кургакчыл келет. К. т-та карбонаттар көп; эригич туздардын болушу анын шор ж-а шортоң топуракка айланышына алып келет. Кырг-ндын жалпы жер аянтынын 12%ке жакыны К. т-туу келет. Тоонун К. т-ы өрөөндөгүгө караганда чириндилүү, күрдүү келип, жайыт, чабынды ж-а кайрак жер түрүндө пайдаланылат. Өрөөндөрдөгү К. т-туу сугат жерде буудай, беде, эспарцет, картөшкө өстүрүлөт.