КОҢУР-ӨЛӨҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢУР-ӨЛӨҢ – Ысык-Көл обл-нун Тоң р-нун­дагы кыштак. Көл-Төр айыл округуна караш­туу. Деңиз деңг. 1994 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Бөкөнбаев кыш-нан 35 км түш.-батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 87 км. Кыштак 1924-ж. негизделген. Калкы 1515 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мек­теп, китепкана ж-а ФАП бар.