КОҢТААЖЫ
КОҢТААЖЫ , х у н т а й ш и – 16–18-к-дагы ойрот-калмак хандарынын жогорку наамы (к. Жунгар хандыгы). Калмак тилинде «куң»- улуу, күчтүү, «тээж» – хан, «куңтээж» – улуу хан, тэж» ханзаада деген түшүнүк берет. Борб. Азиянын тарыхында алгачкы жолу 1573–74-ж. К. наамы Чечен, Баян баатырларга байланыштуу эскерилет. 1639-ж. Далай лама тарабынан Каракулдун (Харахула) баласы Куту Коцунга да берилип, аты Эрдене деп которулган (к. Эрдене баатыр коңтаажы). Андан кийин ал наамды Галдан Бошокту хан, Цеван Рабдан алса, кээ бир хандар өз алдынча ыйгарып алган учуру болгон. Кыргыз санжыра, эпосторунда К-га байланышкан көптөгөн маалыматтар айтылып калган.
Ад.: Златкин И. Я. История Джунгарского ханства (1635–1758 гг.). 2-е изд. М., 1983.
Э. Турганбаев.