КОҢГУРОО ГҮЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢГУРОО ГҮЛ (Campanula) – өсүмдүктөрдүн коңгуроо гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Бир, эки ж-а көп жылдык чөп же чала бадал. Гүлү коңгуроо сымал, түсү көк, кызгылт көк, ак ж. б.

Коңгуроо гүл: 1 – жазы албырактуу коңгуроо үл; 2 – көп жылдык оңгуроо гүл; 3 – кыз­ылт-көк гүлдүү коңгу­роо гүл.

300гө жакын түрү белгилүү, Кырг-нда 7 түрү кез­дешет. Бөксө, бийик тоолордо, боздоңдо, шал­баада, тескей беттердин таш арасында өсөт. Уругу, тамыры аркылуу көбөйөт. Кырг-нда К. г-дүн жазында гүлдөөчү бир ж-а эки жылды­гы, жайында гүлдөөчү көп жылдык түрү гүлзарда кооздук үчүн өстүрүлөт.