КОНЬЯ СУЛТАНДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́НЬЯ СУЛТАНДЫГЫ (И к о н и й, Р у м же С е л ж у к с у л т а н д ы г ы) – 11–14-к-да Кичи Азиядагы феод. мамлекет. Султандыктын алгачкы борбору Никея, кийин Конья (Иконий) болгон. К. с. Византиянын Кичи Азиядагы жер­л ер и н с ел ьжу к тар дын бас ып ал ышы м-н түзүлгөн. Ал Ала-ад-дин Кей-Кубад султан баш­карган мезгилде (1219–36) өзгөчө гүлдөп, Конья, Кайсери, Сивас ж. б. шаарлары кол өнөрчүлүктүн борбору болгон. 1243-жылдан К. с. Ирандагы моңгол илхандарынын вассалына айланган. 1307-ж. майда княздыктарга бөлүнүп, а. и. Ос­мон бийлиги (округ) 14-к-дын башында түзүлгөн Осмон мамлекетинин негизи болгон.