КОНЦЕПТУАЛИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНЦЕПТУАЛИЗМ (лат. conseptus – ой, түшү­нүк) – схоластикалык философиядагы багыт; тааным тажрыйба м-н чогуу байкалат (тажрыйбадан келип чыккан эмес) деген доктрина. К. эмпиризм м-н рационализмдин синтези сыяктуу. Өкүлдөрү: П. Абеляр, Иоанн Солсберийс­кий, Иоанн Дунс Скот ж. б. Жаңы мезгилде К-ге Жон Локк жакын болгон. Универсалийлер тууралуу талаш-тартышта концептуалисттер номиналисттер сыяктуу эле реализм окуусун четке кагып, жалпынын жалгыз нерселерден көз карандысыз реалдуу жашашын танышкан, бирок номиналисттерден айырмаланып, жалпы түшүнүктөрдүн же концепттердин курчап турган дүйнөнү таануунун өзгөчө формасы катары акылда жашашын таанышкан.