КОНТ
КОНТ Огюст (19. 1. 1798, Монпелье – 5. 9. 1857, Париж) – француз социалдык ойчулу. Коом тууралуу жаңы позитивдик социалдык илимдин – социологияны (ушул аталышты берген) негиздөөчүлөрүнүн бири. Математика ж-а табигый илимдер б-ча билими бар К. социология да спекуляция м-н жалганды четке каккан табигый илимдердин так (позитивдүү) ыкмаларын колдонгон так илим болушун каалаган. Негизги эмгектери: «Позитивдүү философиянын курсу», «Позитивдүү саясаттын системасы». К. окумуштуу катары коомду моралдык кайра курууну, гармониялык тартипти (Улуу Француз рев-ясы бузган) кайра калыбына келтирүүнү максат кылган, анын пикири б-ча ил. социология диндин эквиваленти болот, аны кабылдоо үчүн акылды даярдоо керек. К. өзү ачкан акылдын өнүгүшүнүн «3 стадиясынын Улуу Мыйзамы» же адамзаттын интеллектуалдык эволюциясынын мыйзамынын негизинде коомду өзгөртүүнү сунуштаган. К-тун ою б-ча адамзат тарыхынын жогорку стадиясы позитивдик ил. стадия болуп эсептелет. К. социологияда эки бөлүктү көрсөткөн: 1) социалдык статика социалдык байланыштардын табиятын аныктап, ал коомдун глобалдык структурасы (түзүлүшү, курамдык бөлүктөрү, алардын ортосундагы байланыштардын принциптери) болуп саналат; социалдык динамика – бул 3 стадиялуу мыйзамдын соц. трактовкасы болуп эсептелет да, прогресстин жалпы багытынын идеясын (адамзаттын интеллектуалдык күчтөрүнүн алга өнүгүшүнүн) камтыйт. К. коомду орг. бүтүндүк катары караганы м-н социологиянын тарыхында татыктуу орун ээлеп калды.
Ад.: Яковенко В. И. О. Конт. Его жизнь и философская деятельность. СПб., 1894. СПб., 1998; Милль Дж. Ст. О. Конт и позитивизм. М., 2007.