КОНСТАНТИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНСТАНТИ́НА – Алжирдин түн.-чыгышындагы шаар. Константина вилайясынын (адм.- айм. бирдик) адм. борбору. Калкы 659 миң (2006). Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш (ун, кант, пиво), текстиль, металл иштетүү, машина куруу ө. ж. ишканалары иштейт. Өлкөнүн негизги дан рыногу, кустардык кол өнөрчүлүк (килем ж. б. токуучулук, булгаарыдан буюм даярдоо ж. б.) өнүккөн. Ислам ун-ти, музей бар. Эң байыртадан (Цирта) белгилүү. Шаар император Улуу Константин Iнин урматына аталган. Рим курулуштарынын калдыктары, түрктөрдүн мезгилиндеги касба, мечиттер, медреселер, мавзолейлер, Кожо Ахмеддин ак сарайы (19-к.) сакталган.