КОНСОЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНСО́ЛЬ (франц. console) – 1) бир жагы бекем бекилген, экинчи жагы бош курулуш констр-сы (мис., устун же ферма) же анын тирөөчтөн ашыра коюлган констр. бөлүгү. К. көбүнчө курулушта кошумча тирөөч коюуга мүмкүн эмес жагдайда колдонулат; 2) дубалда карниз, балкон, фигура ж. б. кармалып туруучу урчук же дубалдан бир учу чыгарылып коюлган устун; 3) учуучу аппараттын (самолёттун) канатынын учунан корпуска (фюзеляжга) чейинки бөлүгү.