КОНСАЛТИНГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНСА́ЛТИНГ (англ. consulting – консультация берүү) – өндүрүүчүлөргө, сатуучуларга, сатып алуучуларга экономиканын финансынын, тышкы экон. байланыштын кеңири чөйрөдөгү маселелери боюнча консультация берүүчү атайын компаниялардын ишмердиги. К. компаниялары товар рыногун, кызмат көрсөтүүнү, лицензияларды, ноу-хауну ж. б. о. эле дүйнөлүк товар рынокторунун бааларын, соода-саясий шарттарды, экспорт-импорт операцияларын баалоо, эл аралык кызматташтык объектилерине техника-экон. негиздерди иштеп чыгуу, ички ж-а тышкы чөйрөнү эске алуу м-н ишканалардын финансы-чарбалык ишмердигине маркетингдик изилдөө, талдоо жүргүзүү ж. б. б-ча изилдөө ж-а болжолдоо кызматын көрсөтөт.