КОНКРЕЦИЯ
КОНКРЕ́ЦИЯ (лат. concretio – өсүү, коюлуу) – чөкмө тектердин арасында кездешүүчү ар кандай

түспөлдөгү (тоголок, сүйрү, жалпак ж. б.) минералдык түзүлүш. Тоо тектери пайда болгон учурда, алардын курамындагы минералдар мурда орун алган бүртүкчөнүн (минерал же тектердин сыныктары, балыктын сөөгү, үлүл калканы, өсүмдүк калдыгы ж. б.) айланасына топтолуп, диффузия же инфильтрация жолу м-н кристаллданат. Тоголок, сүйрү, жалпак турпатка ээ болот. Катмарчаланган кальцит, темир, кремний кычкылы, марганец, сульфид, сидерит, барит ж. б. минералдар кездешет. Чоңдугу бир нече ммден мге жетет. Бардык тектерде, азыр пайда болуп жаткан көл, деңиз, океан чөкмөлөрүндө жолугат. Тынч, Атлантика, Инд океандарынын түптөрүндөгү темир-марганец К-лары (10%ке чейин) турмушта зор мааниге ээ.