КОНДУКТОМЕТРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНДУКТОМЕ́ТРИЯ – электролиттердин электр өткөргүчтүгүн өлчөөчү электр-хим. анализ методдорунун бири. Электролиттердин эритмесинин концент-сын аныктоо үчүн колдонулат. К-лык титрлөөдө анын акыркы чекити эритменин электр өткөргүчтүгүнүн кошулган титранттын көлөмүнө көз карандылыгын көрсөткөн ийри сызыгынын сынган жери аркылуу аныкталат. Бул ыкма автоматташтырганга ыңгайлуу. К. таза заттардын ж-а эритмелердин физ., физ.-хим. касиеттерин изилдөөдө, химиялык кинетикада электролиттердин диссоциациясын, кислоталардын негиздүүлүгүн, иондордун диффузия коэфф-ин, эритүү кинетикасын, эригичтикти изилдөөдө колдонулат.