КОНДЕНСАТТЫК ТУРБИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНДЕНСАТТЫК ТУРБИ́НА (бара) – жумуш циклинде конденсациялануу процесси болуучу буу турбинасы. Башка кыймылдаткычтардан айырмаланып, К. т. жалгыз жасалга м-н эле өтө чоң кубаттуулукту (1200 МВттан жогору) иштеп чыгарууга мүмкүндүк берет. Бул турбина ири ЖЭСтерде ж-а атом электр станцияларында электр генераторун кыймылга келтирет, кеменин башкы кыймылдаткычы катары пайдаланылат. Кубаттуулугу чоң К. т. адатта көп цилиндрлүү (көп тармактуу) болот.


Ад.: Турбины тепловых и атомных электрических станций /Под ред. А. Г. Костюка, В. В. Фролова. М., 2001.