КҮЙҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮЙҮК – жогорку темп-ранын, хим. заттардын, электр тогунун жана радиоактивдүү нурлануунун таасиринен ткандын жабыркашы. Ошого байланыштуу термиялык, хим., электр тогунан жана нурдан болгон К. болуп айырмаланат. Тиричиликте термиялык К. көп болот. Жабыркоонун оордугуна жараша күйүк 4 даражага бөлүнөт. 1-даражада тери кызарат, шишимик тартып ооруйт, күйгөн жерди таза муздак суу менен жууп, андан кийин спирт, арак же марганец кычкыл калийдин мала эритмесин сүйкөп, кургак таңып коюу керек. 2-даражадагы К-тө суюктук толгон ыйлаакчалар пайда болот. Ыйлаакчаны жарууга жана кандайдыр бир май менен майлап, өз алдынча дарыланууга болбойт, инфекция түшүп, дарылоону кыйындатат. 3-даражадагы К-тө тери жансызданып, карттанат, 4-даражасында тери гана эмес тереңиндеги эт да жансызданат, ал тургай көмүргө айланат. Акыркы эки даражасында жабыркаган кишини дароо мед. мекемеге жеткирүү зарыл. К-түн оордугу анын даражасына гана эмес, аянтына да жараша болот. Эгер К-түн аянты чоң болсо (30%тен кем эмес) 1-даражадагы К-тө да шок болушу мүмкүн. Хим. заттардан күйгөн жерди ошол замат муздак суунун агымы менен 15–20 минут жууш керек.