КҮЙДҮРГҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮЙДҮРГҮ , с и б и р ь к у л г у н а с ы; с и б и р ь ж а р а с ы – адам менен малдын катуу кармоочу жугуштуу оорусу. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Козгогучу – спора пайда кылуучу кыймылсыз таякча. Споралар чөйрөнүн шартына өтө туруктуу келип, көп жыл (20–30 жылдан ашык) жашайт. Ошондуктан К. менен ылаңдаган мал көмүлгөн жер жана алардын заара, тезеги менен булганган жайыт көп жыл бою жугуштуу бойдон калат. Киши ылаңдаган малды союп, терисин сыйрып же жүнүн кыркып, жууп жатканда жугузуп алат. Козгогуч кишинин организмине теринин тытылган, сыйрылган жери (терини жабырка­туучу түрү), булганган аба менен дем алганда (өпкөнү жабыркатуучу түрү), ылаңдуу малдын этин чала бышырып жегенде (ичегини жабыркатуучу түрү) жугат. К. териге жуккандан 2–3 күн өткөндөн кийин, микроб кирген жерде кызыл так пайда болуп, 2–3 күндөн кийин ал шишип, ыйлаакчага айланып, суу, ириңге толот. Оору­луунун абалы начарлап, денеси 39–40°Сге чейин ысып, башы ооруйт, тамак ичкиси келбейт, кусат, 5–6 күндөн кийин темп-ра түшүп, жара айыга баштайт. 2–3 жумадан кийин карты түшүп, ордуна тырык пайда болот. Өпкө жабыркаганда К. өтө тез болуп, денеси өтө ысып, жөтөлөт, кан аралаш какырык чыгат, көкүрөгү ооруп, дем алуу кыйындайт. Өз убагында дарылабаса, адам өлөт. Ичеги жабыркаганда, көңүл айнып кусат, ичи бурап ооруйт, ичи кан аралаш өтөт, айрым учурда ич катып, көбөт. К-нүн бардык түрү менингитке окшош кабылдоого алып келет. Оорулууну ооруканада дарылайт. Оорулуу болгон үйгө дезинфекция жүргүзүлөт. Алдын алууда мал жылыга эмделет. Эгер мал ылаңдап калса, аны бөлүп дарылап, карантин коюлат, бул ылаң малда сибирь кулгунасы же күлапса деп аталат.