КҮЗДҮК ӨСҮМДҮКТӨР
КҮЗДҮК ӨСҮМДҮКТӨР – күзүндө себилип, кийинкы жылы түшүм берүүчү өсүмдүктөр. Аларга: күздүк кара буудай, күздүк буудай, күздүк арпа, рапс, жер буурчак ж. б. кирет. К. ө. жаздык өсүмдүктөргө караганда 7–10 күн эрте бышып, түшүмү да жогору болот. Алардын өсүп өрчүү, түптөнүү фазасы 30–35 күндө –2+10°С темп-рада өтөт. Жаз, жай айларында өсүүсүн улантып, баш алып, дан байлайт. Эгер күздүк эгиндерди жазында сепсе, алар өсүп чыгат, түптөнөт, сабак алат, бирок баш албайт. Ошондуктан күздүк эгиндерди кышкы сууктан 35–60 күн мурда сепсе, катуу суук башталганга чейин түптөнүп, тегиз бутактап, жаздаштыруу (яровизация) стадиясын өтүп, кышта үшүп кетпегенге өзүн-өзү даярдоого үлгүрөт. Өз убагында себилип, кышка даярдалган күздүк буудай –20°С суукка чыдайт, күздүк арпа –15°С, ал эми тритикале 25–30°С суукту көтөрө алат.
Г. Ф. Эшимкулова.