КҮЗГҮЛҮҮ-ЛИНЗАЛУУ СИСТЕМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮЗГҮЛҮҮ-ЛИНЗАЛУУ СИСТЕМА, к а т а д и о п т р и я с и с т е м а с ы – жарыкты чагылдыруучу (оптикалык күзгү) жана сындыруучу (линзалар) беттерден турган оптикалык система. Линзалуу оптикалык системага салыштырганда К.-л. с. кыйла чоңойтуп көрсөтөт. Айрым К.-л. с-да сүрөттөлүштүн сапатын өзгөртпөстөн, констр. кызмат (жарык багытын өзгөртөт, прибордун көлөмүн кичирейтет ж. б.) аткарат. Буга микроскоптун күзгү-линзалуу конденсору мисал. Күзгү сүрөттөлүштү пайда кылат, ал эми линза күзгү пайда кылган аберрацияны оңдойт. Түшкөн жарыктын толкун узундугу өзгөрсө да, күзгүнүн оптикалык касиети өзгөрбөйт. Чоң фокус аралыгына жана чоң диаметрге ээ оптикалык системада, астрономияда чоң жарык күчүнө ээ фото жана телеобьективдерде, микроскопто, о. эле спектрдин ультракызгылт көк жана инфракызгылт көк нурлар менен иштөөчү приборлордо колдонулат. Орус физиги Д. Д. Максутовдун К.-л. с-сы кеңири тараган.