КҮЗГҮ КАП
КҮЗГҮ КАП , т е к ч е – көчмөн турмушта негизинен күзгү салынчу буюм. Орточо К. к-тын уз. 100 смдей, туурасы 50 смдей болгон. К. к. кийизден, таардан, калың кездемеден ар кандай чоңдукта жасалып, төрт бурчуна чачыланып -

өрүлгөн (согулган) боолор тагылган; бет жагы курак, оймо, сайма, бер мет, шуру басты рылып, жээги тордолуп жана чачыланып кооздолгон; төмөнкү эки боосу керегенин башына, жогорку эки боосу эки уук алаканынын жогору раак жагына (туурасы кере, бийиги бош) байланган. Буга күзгүдөн башка эндик, упа, атыр, ооз комуз, шуру да салынган.