КҮЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮЗ – жыл мезгили; жай менен кыштын өтмө климаттык учуру. Астр. көз карашта К. – Түн. жарым шарда күзгү күн-түн теңелүү мезгилинен (23-сентябрь) кышкы күн токтоого (21– 22-декабрга) чейинки жыл мезгили. К. мезгили Түн. жарым шарда сентябрь, октябрь, ноябрь, Түш. жарым шарда март, апрель, май айларын камтыйт. К. адатта, жыйым-терим иштери күчөгөн, бышыкчылык мезгили болот. Бул мезгил «казан» деп да аталат.