КУЮН ТОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЮН ТОК , Ф у к о т о г у – өзгөрмөлүү магнит талаасынан индукцияланып, туташ жоон өткөргүчтө пайда болгон туюк ток. Өткөргүчтө пайда болгон К. т. Жоуль – Ленц закону б-ча аны ысытат, электр энергиясынын бөлүгү жылуулукка айланат. К. т-туу өткөргүч катуу ысы­гандыктан, андагы электр энергиясы кыйла ко­ромжуланат. К. т-ту азайтуу үчүн өзгөрмөлүү ток машинасынын жана аппаратынын магнит өт­көргүчтөрү бири бирине ток өткөрбөс пластина­лардан же тасмалардан даярдалат. Өткөргүч­төрдү К. т. менен ысытуу металлургияда металл­дарды эритүүдө жана алардын куймаларын даяр­доодо, лабор. практикада К. т. вакуум техникасында абасы сордурулуп жаткан идиштин ичиндеги металлдарды ысытып газдын калдык­тарын бөлүп чыгарууда колдонулат. К. т-тун сырткы магнит талаасы менен аракеттешүүсү электр эсептегичте, электрдик өлчөөчү куралдар­да, тахометрде ж. б. колдонулат.