КУЮН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЮН – аба массасынын тегеренген кыймылга кабылышы. Тегеренүү вертикалдык октун айла­насында жүрөт. Чагылгандуу булуттарда пайда болгон кара булуттар түркүк же пилдин тум­шугу сымал, төмөн көздөй таралып, атм. К-ду пайда кылат. Көп учурда жер бетине чейин же­тет. Эни деңиз үстүндө ондогон мден кургактык­ка жүздөгөн мге жетет. Айлануу ылдамдыгы 50–100 м/секга чейин, жылыш тездиги 10–20 м/сек, бийикт. 800–1500 мге чейин. Муздак аба агымы ысык аба катмары менен кездешкенде алардын тең салмактуулугу бузулуп, тез коңто­рулуп айлануусунан К. пайда болот. Борборун­да басымдын өтө аз болушу үстү жагынан бу­лутту, астынан сууну, чаңды соруп алуусун шар­ттайт. Кээде К. менен кошо чагылгандуу нөшөр, жаан, мөндүр болуп, жер бетиндеги нерселерге жана деңиз кемелерине зыян келтирет. Смерч, тромб, циклондук куюн, чаңдуу куюн буга ми­сал боло алат. Суу мейкиндигиндеги К. айлам­па деп аталат.