КУЭНКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЭ́НКА – Экватордун түштүгүндөгү шаар. Асу­ай провинциясынын адм. борбору. Анд тоо ара­лык өрөөнүндө, деңиз деңг. 2600 м бийиктикте

Кафедралуу жаңы собор.

жайгашкан. Калкы 323,0 миң (2009); калкы­нын саны б-ча өлкөдөгү 3-шаар. Шаар аркылуу. Панамерика шоссеси өтөт. Аэропорту бар. Собор­лор, чиркөөлөр, монастырлар ж. б. сакталган. Шаардын тарыхый бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк му­растын тизмесине киргизилген. Тамак-аш, текстиль ө. ж. ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүгү (чий калпак, карапа жана зер буюмдар) өнүккөн. Ун-ттер, консерватория, китепка­налар, музейлер бар. Шаар 1557-ж. негизделген.