КУЧИЯК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЧИЯ́К Павел Васильевич [5(17). 3. 1897, Тоолуу Алтай, Куюм кыш. – 2. 7. 1943, ошол эле жер] – алтай акыны, драматург, фольклор жыйноочу, Алтай ад-тын негиздөөчү. Алтай тилиндеги биринчи пьесанын («Күрөш», 1932), биринчи поэманын («Арабачи», 1928, 1933-ж. жарыяланган, алтай аялдарынын оор турмушу ж-дө) автору. К-тын чыгармаларынын негизги темасы – көчмөндөрдүн жашоо-турмушу, Алтайдагы жаңы турмуш, Гражд. жана Улуу Ата мекендик согуш. «Темир ат» аңгемеси (1933),«Чейнеш» (1938), «Өтпөйсүң», «Эки гвардиячы» (экөө тең 1941) пьесалары, Даабы Юдаков менен бирге жа­зылган «Алтай таңы сөгүлдү» (1934) поэмасы, «Азезил өрөөнү» (1939), «Аза ялан» (1940) по­весттери, өмүр баяндык «Ысымы жок» романы (1943, бүтпөй калган) ж. б. чыгармалары бар. Элдик жомокчу Н. У. Улагашевди таап, андан алтай элдик поэзиясынын үлгүлөрүн жазып алып, орус тилине которгон. Алтай профессионал театрынын калыптанышында К-тын пьесаларынын мааниси чоң.


Чыг.: Вечная любовь: стихи, повести, рассказы. Горно-Алтайск, 1997.


Ад.: Каташ С. С. П. В. Кучияк: к 100-летию со дня рождения. Горно-Алтайск, 1997.