КУЧЕРБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЧЕРБАЕВ Асанкул Абдыкадырович (25. 7. 1950-ж. т., Чүй обл., Калинин р-ну, Букара айылы) – медицина илимд. доктору (2002) проф. (2009). КММИни (1979), Бишкек шаардык балдар ооруканасында врач (1979–81), Бишкек шаардык «тез жардам» станциясында врач (1982–84) болуп иштеген. Кыргыз акушерлик жана педиатрия ИИИнин аспирантурасын (1986) бүтүргөн. Ошол эле жерде кенже, улук ил. кызматкер болуп иштеген (1984–2012). Педиатрия б-ча адис. 65 тен ашык ил. эмгеги, а. и. 2 монография, 1 патенттин ээси.


Эмг.: Поверхностная архитектоника эритроцитов при железо-дефицитной анемии у детей раннего возраста в условиях высокогория. Киев. 2005.