КУУЧУ
КУУЧУ – бакшы, эмчи. Төрөттөн кыйналган аялдардын төрөтүн жеңилдетүү максатында чакырылган. Элдик ишеним б-ча 1-төрөттө аялдын көзүнө албарсты көрүнсө, аны албарсты же кара басты дешкен. Ал жөнөкөй адамдардын көзүнө көрүнбөгөн кереметтүү, зыяндуу жан катары кабыл алынып, К-дан коркот деп эсептешкен. Мындай учурда албарстыны өз көзү менен көргөн адамды – К-ну чакырышкан. К. келгенде анын атын атабастан «баатыр келди» дешет, анткени, атын албарсты укса, К-нун күчү, кудурети кетип калат. К. үйгө кирип, төрөп жаткан аялды камчы менен ургулап: кет, чык, ташта! – деп, албарстыны кубалайт. Ишеним б-ча К. өзү келе албаса, анын буюму куучулук милдетти аткарууга жараган. К. элдик иррационалдуу ишенимдердин бир түрү болуп саналган, к. Албарсты.