КУУРЧАКЧА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУУРЧАКЧА – толук кубулма курт-кумурскалардын жеке өөрчүүсүндөгү личинкадан кийинки стадиясы. Көпчүлүк К. азыктанбайт жана кыймылсыз болуп, пилланын ичинде жайгашат. К-да ички кайра куруу ишке ашып, анын натыйжасында алар жетилген жандык – имагого айланат. К-нын тиричилик узактыгы 6–10 күндөн бир нече айга чейин созулат.