КУУРЧАК ТЕАТРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУУРЧАК ТЕАТРЫ – театр оюнунун далдадагы актёрдун жардамы менен куурчакты сахнада ойнотуучу өзгөчө түрү. Куурчак кыймылга кел­тирүүчү механизмдердин системасына жараша марионетка (жип менен кыймылдоочу)– колго кийме, таякчан, мех. жана көлөкө куурчактар деп бөлүнөт. К. т-ларына катышуучулар куб,

Репетиция учурунда.

шар, таякча ж. б. шарттуу алынган буюмдар же жан-жаныбар түспөлдүү куурчактар болот. К. т-нын репертуарында сатиралык жана баатырдык-патетикалык пландагы чыгармалар көп кездешет. Мындай театр б. з. ч. эле белгилүү болгон. Анын Пульчинелла (Италия), Полишинель (Франция), Петрушка (Россия), Чоң муштум Палван Качал (О. Азия элдеринде) өңдүүкаармандары бар. Театр оюнунун бул түрү Кырг-нда да өнүгүүдө, к. Кыргыз мамлекеттик куурчак театры.