КУУРМА ЧАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУУРМА ЧАЙ – унду майга кууруп, ага сүт, суу жана коюу демделген чай кошуп даярдалган мүнөз тамак. Адегенде койдун сызгырылган куйрук же бөйрөк майына, о. эле сары майга унду (ун ордуна буудай талканды колдонсо да болот) күйгүзбөй, кызарта кууруйт. Адам санына жараша чайнекке чай салып, үстүнө кайнак суу куюп, демдейт. Демделген кезде чамасын сүзүп, кочкул коюу маңызына сүт же каймак кошуп, куурулган унду чалып, туз татытып, казанга же эмаль идишке кайнатат. Бир аз кайнаган соң, оттон чыгарып, таттуу (бал, кант, набат) салып аралаштырат. К. ч. элдик медицинада кубаттандыруучу мүнөз тамак катары колдонулат.

Ы. Кадыров.