КУУРДАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУУРДАК – кесек тууралып, майга куурулган эт. К. көбүнчө жаңы союлган малдын ич (жүрөк, боор ж. б.), моюн этинен жасалат. Татымалдар кошулуп, майга куурулган жаш эт өз сөлү менен

бууга демделип бышканы с о л к у л д а к К., майда жандыктардын бооруна жана боор этине калемпир, пияз, бүкүлү картөшкө ж. б. к ошу л у п, жумшагыр аак куурулганы б о р п о ш о К., сары же ич майга куурулган кийик эти к а р а К., семиз малдын этин өз майына кууруп, карынга майы менен кошо куюп, тоңдуруп алса т о ң д у р м а К. деп аталган. Илгери кыргыздар К-ты карынга, мөөнгө, кол чаначка салып, күл азык катары сакташкан.


Ад.: Бөрүбаев Т. Кыргыз тамак-ашы. Ф., 1976.