КУУР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУУР , т р у б о п р о в о д – 1) териден жасалган, кургап, катып калган, куудураган эски кийим (куур тон, куур шым); 2) суу жана газ өткөрүүчү чоң түтүк. Илгерки заманда шаардын, чептин ичиндеги элдин жашоосун камсыз кылуу үчүн сырттан жер алды менен карапа түтүктөрдү бирине бирин кийиштирип, суу алып келген. Бул термин азыркы адабий тилде түтүк, труба, өткөргүч терминдерине синоним катары колдонулууда.