КУУ-МАЙДАН
КУУ-МАЙДАН – Ош обл-нун Ноокат р-нундагы кыштак. Кеңеш айыл округуна караштуу. Шаңкол суусунун боюнда, деңиз деңг. 1400 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 15 км чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 55 км. Калкы 4331 (2009); негизинен дыйкан жана мал чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик Согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.