КУТТУБАЕВА 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУТТУБАЕВА Анвар (1915, азыркы Нарын обл., Кочкор р-ну, Ак-Кудук айылы – 7. 5. 1977, Фрунзе) – ырчы (сопрано), драма артисти. Кыргыз ССР эл арт. (1939). Фрунзе педтехникумунда окуп жүргөндө актёрдук чыг-лыгын андагы драма ийримине катышуу менен баштаган.

1929-ж. кыргыз театр студиясына кирген. Настянын (А. Островский, «Жок жерден табылган алтын»), Карачачтын (К. Жантөшев, «Карачач»), Айшанын (Р. Шүкүрбеков, «Жапалак Жатпасов») ж. б. ролдорун аткарган. К. муз. Драма спектаклдеринде жана операларда Зулайканын

А. Куттубаева – Чынар. Ж. Бөкөнбаевдин «Алтын кыз» музыкалык драмасынан көрүнүш. 1938.

(Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Чынардын (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз»), Чолпондун (М. Раухвергер, «Көкүл»), Калыймандын (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Айчүрөк») партияларын аткаруу менен ийгиликке жетишкен. «Ким­ге айтам», «Күңөтай», «Селкиге» аттуу элдик ырлар менен бирге А. Малдыбаевдин, А. Темировдун, Ж. Шералиевдин чыгармаларын да аткарган. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз иск-восунун он күндүгүнө катышып, мамл. эң жогорку наамга татыктуу болгон. 1945-жылдан Кыргыз мамл. филармониясында иштеп, бий ансамблин жетектеген. 1952-жылдан Кыргыз мамл. драма театрында иштеген. К. ар кыл ролдорду да че­бер аткарган: Анна Павлова (К. Крапива, «Акы­рында күлгөндүн арманы жок»), Калбүбү (Т. Абдумомунов, «Атабектин кызы»), Феклуша (А. Островский, «Добул») ж. б. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.


Ад.: Жумабаев Б. Анвар Куттубаева. Ф., 1958.