КУТМАН-КӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУТМАН-КӨЛ – Бабаш-Ата кырка тоосунун түн. капталындагы көл. Деңиз деңг. 2837 м бийикте жатат. Уз. 1,5 км, туурасы 600 м, аян­ты 0,1 км2. Бөгөт көлдөрүнүн тибине кирет. Көл чөйчөгү жайгашкан өрөөнчөнүн капталдары тик. Андан Кара-Суунун сол куймасы – Каракол суусу агып чыгат. Көл жаан-чачын, кар сууларынан толукталат.