КУТМАНАЛИЕВ 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУТМАНАЛИЕВ Ажыке Ашубаевич [16. 9. 1919, Пишпек уезди (азыркы Чүй р-ну), Он-Бир-Жылга кыштагы – 25. 9. 1981, Бишкек] – милициянын генерал-майору (1970). Токмок ш-ндагы жумушчулар ф-тин (1938), Фрунзе а. ч. ин-тун (1942), СССР мамл. коопсуздук министрлигинин Ленинграддагы мектебин бүткөн. 1943–44-ж. Кыргыз ССР ИИМдин Ош обл. башкармалыгы­нын 2-бөлүмүнүн оперуполномочени,

1944–46-ж. жана 1947–49-ж. Кыргыз ССР мамл. коопсуздук к-тинин 2-бөлүмүнүн оперуполномочени, 1946–47-ж. Кыргыз ССР тышкы иштер министринин орун басарынын жардамчысы, 1952–53-ж. Кыргыз ССР мамл. коопсуздук министри­нин орун басары, 1953–61-ж. Ош обл. ички иштер жана мамл. коопсуздук к-тинин башкармасынын начальниги, 1961–67-ж. Кыргыз ССР мамл. коопсуздук к-тинин төрагасынын 1-орун басары, 1967–75-ж. Кыргыз ССР ички иштер министринин 1-орун басары, 1975–81-ж. Ысык-Көл обл. ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (5-шайланышынын) депутаты. Эки «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.