КУТИКУЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУТИ́КУЛА (лат. cuticulа – кабык) – жаныбарда эпителий тканынын үстүнөн каптап турган клеткасыз тыгыз түзүлүш. Омурткасыз жандыкта бир катмарлуу каптагыч эпителий – гиподермадан пайда болот да, негизинен коргонуу жана таяныч кызматын аткарат. Муунак буттууларда катып калып, өсүү мезгилинде түлөп түшөт. К-нын курамына минерал заттар, белоктор, хитин жана суу өткөрбөгөн липиддер кирет. Кабырчыктар, чачтар, кылдар, калкандар К-дан келип чыккан. К-да ферменттердин болушу кээ бир ички органдардын ишине жардам берет.
Өсүмдүк К-сы – жер үстүндөгү бөлүгүнүн бардыгын (жалбырак, бутак, жемишин ж. б.) каптап турган май сымал катмар – кутин. Ал өсүмдүккө зыян келтире турган сырткы таасирден сактайт. Кутин эпидермис клеткалары менен синтезделип сыртка чыгат. К. менен кутиндин комплекси цел­люлозага кирип, пектин, кутин, мом ж. б. менен бирдикте катмарлуу түзүлүштү пайда кылат.