КУСУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУСУУ – карынга бөтөн нерселер, сапатсыз тамак-аш жана ар кандай уу заттар түшүп, анын былжыр челин дүүлүктүргөндө окшуп, карындын ичиндегилерин эрксизден ооз аркылуу чыгаруу; организмдин коргонуу – ыңгайлануу реакциясы. О. эле карындын жана ички органдардын, борб. жана четки нерв системасынын дүүлүгүүсүндө же оорусунда, кош бойлууларда (к. Талгак) байкалат. К. баш травмасы – мээ чайкалганда жана шишигенде, мээнин кан айлануусунун бузулушунун белгиси болушу да мүмкүн. Катуу оорулууларды жана эсинен тангандарды кусканда кусунду дем алуу жолуна кетип калбасын үчүн башын ылдый кылып, кырынан жаткырат. Кан аралаш кусса, карын тушуна муздак нерсе коюп, тезинен врачка кайрылуу керек.