КУРШАП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРША́П , Куршаб («куу чап», «кургак чап» деген сөздөн) – Алай кырка тоосунун түн. капталынан агып түшкөн суу, Кара-Дарыянын сол куймасы. Алай р-нунун аймагында. Уз. 157 км, алабынын аянты 3750 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2700 м. Гүлчө жана Жошолу суулары кошулгандан баштап К. аталат. Булак (66%), кар (23%) жана мөңгү (11%) сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 24,6 м3/сек (Кочкор-Ата постунда), эң көп чыгымы июнда (58,6 м3/сек), эң азы февралда (10,9 м3/сек) бай­калат. К-дын 50дөй куймасы бар (Гүлчөнү кош­кондо). Ирилери: Жошолу, Бүлөөлү, Терек (оң), Мурдаш, Жылуу-Суу (сол). Алабында жалпы аянты 10,3 км2 болгон 31 мөңгү бар. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Гүлчө, Куршап кыш. жайгашкан.