КУРЧАТОВИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРЧАТО́ВИЙ (лат. Kurchatovium), Кu – элементтердин мезгилдик системасынын IV тобундагы жасалма жол менен алынган, радиоактивдүү хим. элемент. Ат. н. 104. Туруктуу изотобу жок, массалык саны 255–262 болгон кыска мөөнөт жашаган 10 изотобу белгилүү. Салыштырмалуу узак убакыт туруктуу изотобу Ku261. Окистенүү даражасы+4. К-дин изотоптору Pb, Рu, Сm, Cf элементтерин титан, кычкылтек, азот, көмүртек иондору менен узакка нурлантуудан алынат. 1964-ж. орус окумуштуусу Г. Н. Флер­тов плутонийди ылдамдатылган неон иондору менен нурлантуудан алып, аны И. В. Курчатовдун атынан атаган.