КУРУ-УЧКУРТ ТОО ХРУСТАЛЫ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРУ-УЧКУРТ ТОО ХРУСТАЛЫ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нунда, Таш-Көмүр ш-нан 20 км, деңиз деңг. 2500 м бийикте. 1980-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Палеозойдо пайда болгон метаморфизмделген эффузивде 2000ге жакын кварц тарамдары табылган. Алардын 30%и хрусталь. Тарамдардын калыңдыгы 30 смден 2 смге чейин, уз. 3–15 м. Кристаллдарынын уз. 5–60 см, эни 1–3 см, көбү жаракалуу жана газ-суюктук кошундулары менен булганган. Зер буюмдарга жарай турган жогорку сапаттагы кристаллдар да кездешет.