КУРУ-ТЕГЕРЕК ЖЕЗ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРУ-ТЕГЕРЕК ЖЕЗ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Чаткал р-нунда, Сандалаш кырка тоосунун түн. капталында, Куру-Тегерек суусунун башында, деңиз деңг. 2500–3100 м бийикте. Кен жерг. элге илгертен белгилүү. 1964–66-ж. чалгындалган. Кен аймагын таш көмүр мезгилинин башталышындагы, калыңдыгы 1250 мге жеткен, мрамор, мраморлошкон акиташ тектери түзөт. Алар бүктөлүүгө учурап, ири синклиналдык түзүлүштү пайда кылат. Акиташ тегин шток сымал кварцтуу диорит, кварцтуу диорит­порфирит интрузиялары жиреп чыккан. Кенташ тулкулары акиташ менен интрузия кошулган жердеги линза, тарамча түрүндөгү скарн ка­баттарында жайгашкан. Минералдык курамы ар түрдүү. Негизги минералдары: магнетит, пирит, пирротин, халькопирит, нукура алтын, жез ж. б. Кенташтагы пайдалуу компоненттердин өлчөмү: жез 1,02–1,08%, алтын 2,2 –5,3 г/т, күмүш 0,35–180 г/т, платина 0,00011–0,5 г/т, рений 0,5–5 г/т. Жездин запасы С жана С2 категориясы б-ча 319,2 миң т, алтын – 30 т.