КУРУТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРУТсүзмөдөн жасалуучу эзелки сүт азык. Сүзмөнү кайнатып же кайнатпай даярдайт. Чогулган сүзмөнү казанга салып, ага айран, туз кошуп, коюлганга чейин кайнатат. Муздаган соң, майда-майда тоголоктоп, атайы жасалган сере, чий жана тактайга кургатат. Кыш жана жаз айларында сууга эзилген К. суусун жана катык катары пайдаланылган. Эзилгенине май салып же каймак куюп, нан туурап, тамак катары ичишкен. Ыраак жолдо, көчтө, узак кышта, ачарчылык жылдарында К-тун айрым түрүн күл азыкка кошкон. Курамына каймак май кошу­луп, тузу өткүрүрөөк салынса, м а й К., кемирээк туздалып, эжигей кошулса, э ж и г е й К., чий темгили түшүп, чий сереге кургаганы, ч и й К. деп аталып, азыркы учурда да жасалат.