КУРУЛУШ
КУРУЛУШ, Кош-Кулак - Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-нундагы кыштак. Ноокен айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 600 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыш-нан 8 км батыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 53 км. Кыштак 1931-ж. негизделген. Калкы 4219 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Консерва з-ду, май чыгаруучу цех, мончо, соода туйундѳру, тегирмендер иштейт. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, амбулатория, клуб, байланыш бѳлуму бар. "Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.