КУРУЛТАЙ
КУРУЛТАЙ - I) огуз, түрк урууларынын ак сѳѳктѳру, бийлери тарабынан чакырылган атайын жыйын. К. улуу ханды (каган), аскер башын шайлоо, журушкѳ аттануу ж. б. жалпы уруу, аймактарга тиешелуу маанилүү маселелерди чечуу учун чакырылган (к. Кыргыздардын Чуйгѳ кѳчушу, Кыргыздардын буткул дуйнѳлук 1-курултайьС). Ага катышуу учун атайын ѳкулдѳр тандалып, алар кабыл алган чечим аткарылууга тийиш болгон. Кийин Чыңгызхандын империясында да маанилуу роль ойногон. 1920-ж. О. Азиядагы Туркмѳнстан, Тажикстан, Ѳзбекстан ж. б. респ-ларда жогорку мыйзам чыгаруучу бийлик органы болгон. Кыргыз санжыраларында арабдар келгенге чейин (8-к.) Бооке хан башында турган кыпчактарды чаап, кыргыздар бир мамлекет болгондо К. чакырылганы айтылат; 2) ар кандай партия, бирикме ж. б. коомдук кыймылдардын маанилуу маселени чечуугѳ арналган баштапкы жыйыны.